Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Чүй облусуПанфилов району 25.10.2019 09:44

Кара-Балтадагы көрүстөндө 2 гектар жердеги камыш өрттөнүп кетти

Өрт. Иллюстрациялык сүрөт
Өрт. Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Кара-Балта шаарындагы көрүстөндүн аймагында 2 гектар аянттагы камыш өрттөнүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 25-октябрда ӨКМден билдиришти.

Панфилов районунун Жайылма айылында 2 гектар жердеги куураган чөп күйдү.

Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында үйдүн 25 чарчы метр жыгач полу жана үй эмеректери өрттөндү.

Кемин районунун Боролдой айылындагы бастырманын 20 чарчы метр чатыры жана 170 түк саман күйүп кетти. Учурда бул кырсыктардын себептери такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×