Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Чүй облусу, Токмок 25.10.2019 08:14

Сүрөт — Түндө Токмоктун автобекетиндеги бир нече дүкөндү тоноп кетишти

Turmush -  Токмок шаарындагы автобекеттин ичиндеги бир нече дүкөнгө уурулар кирди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жабырлануучулар билдиришти.

Маалым болгондой, окуя 23-октябрга караган түнү болгон. Автобекеттеги 3-4 дүкөндүн жана бир дарыкананын чатырынан кирген уурулар кассадагы акчаларды, арак жана тамекилерди уурдап кетишкен. Алардын ар биринин кассасында 3 миӊ сомдон 15 миӊ сомго чейин акча болгон.

«Чатырды тешип киришиптир. Дүкөндүн ичин чачып, акча издешкен экен. Бир кутуда салынган арактарды, тамекилерди жана кассадагы акчаларды алып кетишиптир. Чатыры бетон менен жабылгандарга кире албай калышкан экен. Дүкөн ээлеринин кээ бири арыз жазышкан жок», - деди жабырлануучулар.

Токмок шаарынын тургундары уурулар күч алганын, мындай фактылар күндө катталып жатканын билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×