Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-ноябрь
Чүй облусуЧүй району 24.10.2019 17:06

Чүй айылындагы жол чырак көптөн бери иштебей турат, - тургундар

Turmush -  Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Чүй айылындагы Мамбеджан Сасыкбаев (мурунку Совет) менен Межабаева көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол чырак көптөн бери иштебей турат. Бул тууралуу айыл тургуну Мээрим Осмонкулова билдирди.

«Чүй райондук аймактык оорукана жайгашкан Мамбеджан Сасыкбаев менен Межабаева көчөлөрүнүн кесилишиндеги чол чырак көптөн бери иштебей турат. Ушул жол менен №15 орто мектепке окуучулар каттайт. Ары-бери өткөн унаалар көп. Жол чырак иштебей жатканы аз келгенсип жөө жүргүнчүлөр үчүн жол белги да жок. Адам өмүрүнө коркунучтуу жол болуп жатат», - деп билдирди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×