Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Чүй облусуАламүдүн району 24.10.2019 15:19 На русском

Видео — Айланма жолдо 18 жүргүнчүсү бар кичи автобус оодарылып кетти

Turmush -  Чүй облусунда жол кырсыктын кесепетинен 18 жүргүнчү менен бара жаткан кичи автобус оодарылып кетти, деп билдиришти Turmush басылмасына күбөлөр.

Болжолдуу маалыматка караганда, жол кырсык 24-октябрда саат 13:30 чамасында Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 38-чакырымында болгон. Жүргүнчүлөрдү ташып бара жаткан «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү кичи автобус менен жүк ташуучу унаа кагышкан.

Кичи автобустун айдоочусу жүк ташыган унаадан ашып өтүүгө аракет кылган. Бирок рулга ээ боло албай, унаа оодарылып кеткен. Анын ичинде 18 жүргүнчү болгон. Адамдар оор жаракат албаганы айтылууда.

Жол кырсык болгон жерде жол сакчылары иштеп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×