Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-ноябрь
Чүй облусуАламүдүн району 23.10.2019 19:32 На русском

Аламүдүндө «кычыраган» жаңы үй күлгө айланды. Сүрөт

Turmush -  Аламүдүн районунун Беш-Күнгөй айылында үй өрттөнүп кетти. Бул тууралуу 21-октябрда ӨКМден билдиришкен.

Маалыматка караганда, кырсык айылдын Карагоо көчөсүндө болгон. Анын кесепетинен жалпы аянты 80 чарчы метр болгон үй толугу менен өрттөнүп кетти. Учурда кырсыктын себеби такталууда.

Ал эми айыл тургундарынын айтымында, бул үйдө кожойке, кызы жана неберелери болуп жашашчу.

«Үйдө эркек киши көрүнчү эмес. Биздин угушубузга караганда, булар Беш-Күнгөй айылынын жанындагы дачада, обочо жерде жашашчу. Аларды көп киши деле тааныбайт. Эки-үч жыл мурун үйдүн кожоюну каза болгон деп айтып калышат. Үй болсо кожоюн тирүү кезинде курулган, үстү мансард типте болчу», - деди айыл тургундары.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×