Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-ноябрь
Чүй облусу, Токмок 23.10.2019 12:34

Токмокто аялына таарынган жигит экинчи жолу 9-кабаттан секирүүгө аракет кылды

Turmush -  Токмок шаарында 40 жаштар чамасындагы киши 9 кабаттуу үйдүн чатырында өз өмүрүн кыюуга аракет жасады. Бул тууралуу бүгүн, 23-октябрда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, ал шаардын Жантаев көчөсүндө курулуп бүтө элек 9 кабаттуу үйдүн чатырында өз өмүрүнө кол салмак болгон. Окуя болгон жерге 4 куткаруучу барып, аны жерге түшүрүшүп, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Ал эми окуяга күбө болгон шаардык тургундардын айтымында, бул киши ушуну менен экинчи жолу өз өмүрүнө кол салууга аракет кылган.

«Бул 1984-жылы төрөлгөн, токмоктук М.Т. деген жигит. Буга чейин дагы ушул 9 кабаттуу үйдөн секирем деп аракет кылып, бирок куткаруучулар куткарып калышкан. Анда аялым менен урушуп кеттим, ага таарындым деген болчу. Бул жолу да мас абалда чыгыптыр. Бирок эмне себептен бул кадамга барганын айткан жок. Куткаруучулар өз убагында келип куткарып калышты», - деди күбөлөр.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×