Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Чүй облусуАламүдүн району 23.10.2019 11:18 На русском

Жезде менен балдыздын окуясы же зордуктоого шектелген тургун

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Аламүдүн районунун тургуну аялынын сиңдисин зордуктоого шектелип жатат. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Түзүмдүн билдирүүсү боюнча, 20-октябрда Аламүдүн РИИБге 19 жаштагы жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Анын айтымында, эжесинин күйөөсү ушул жылдын май айынан бери зордуктап жүргөн. Бул факт Жазык кодексиндеги 161-берене (зордуктоо) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Окуя Аламүдүн районуна караштуу Таш-Дөбө айыл аймагындагы айылдардын биринде болгон. Айыл тургундарынын айтымында, кыздын апасы төрөт учурунда 2000-жылы каза болсо, анын артынан атасы 2002-жылы көз жумган.

«Апасы төрөттөн каза болгондон кийин атасы өзүн таштап салды. Ошондон көп узабай каза болуп калды. Айылдагылар күйүттү көтөрө албай калды дешет. Жабырлануучу кыз төрт бир туугандын кичүүсү. Андан улуу үч эжеси бар. Эки улуу эжеси турмуш куруп кетсе, үчүнчү эжеси чет жакта иштеп жүрөт. Ата-энеси каза болгондон кийин А.Т. ортоӊку эжеси жана жездеси болуп аталган айылда жашап жатышкан», - деп билдиришти айыл тургундары. ⠀

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×