Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Чүй облусу, Токмок 23.10.2019 09:46

Токмокто 9 кабаттуу үйдүн чатырында өз өмүрүн кыюуга аракет кылган адам куткарылды

Turmush -  Токмок шаарында 45-50 жаштар чамасындагы адам 9 кабаттуу үйдүн чатырында өз өмүрүн кыюуга аракет кылды. Бул тууралуу бүгүн, 23-октябрда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, ал шаардын Жантаев көчөсүндө курулуп бүтө элек 9 кабаттуу үйдүн чатырында өз өмүрүнө кол салмак болгон. 4 куткаруучу барып, аны жерге түшүрүп, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×