Бөлүмдөр
Жума, 22-ноябрь
Чүй облусуАламүдүн району 19.10.2019 12:22

Аламүдүндө Байтик баатырдын 200 жылдыгына карата мааракеси өтүп жатат

Turmush -  Бүгүн, 19-октябрда Аламүдүн районунун Байтик айылында Канай бий уулу Байтик баатырдын 200 жылдыгына карата мааракеси өтүп жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалым болгондой, иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, тургундар, президенттин, өкмөттүн аппаратынын кызматкерлери, маданият кызматкерлери, спортчулар катышууда. Маараке өтүүчү жайдагы 9 ордого 54 боз үй тигилген.

«Көк бөрү оюнуна облус боюнча 7 команда катышып, финалдык турга Панфилов, Сокулук, Жайыл жана Аламүдүн райондору чыгышты. Учурда таймаш улантылууда. 3-4-орундар үчүн Панфилов жана Сокулук райондорунун көк бөрүчүлөрү күч сынашууда. 1-2-орундар үчүн Жайыл, Аламүдүн райондорунун командалары ат салышат», - деди көк бөрү федерациясынын вице-президенти Тилек Урманбетов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×