Бөлүмдөр
Жума, 15-ноябрь
Талас облусу, Талас 17.10.2019 12:41

Мектепте адам өлтүрүп, башын өрттөп жиберишкен: Таластагы студенттер жасаган кылмыштын чоо-жайы

Turmush -  Милициянын отставкадагы полковниги, 71 жаштагы Шабдан Орозалиев аксакал кыргыз милициясынын 95 жылдыгына карата эсинде калган оор кылмыштын бети кантип ачылганын айтып берди. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, кылмыш Таластын Жоон-Дөбө айылында болгон.

«Киров райондук милициясында иштечү элем. Жумуш эртең мененки саат 7:00дө башталып, түнкү саат 23:00 чамасында аяктайт. Күндөгү маалдан эртерээк, кечки саат 18:00 чамасында үйгө келе жатсам алдымдан Жоон-Дөбө айылындагы кесиптик техникалык окуу жайдын окуучулары Виктор менен Ратбек (аттары өзгөртүлдү) айылдын орто мектеби тараптан тезирээк басып өтүп кетишти. Алардын өңү купкуу экенин байкап калгам. Мен үйгө жетип, жаңы эле дасторконго отурсам Ак-Чий орто мектебинин директорунун орун басары Жумагулов келип, «мектептин от жагуучусун өлтүрүп кетишиптир» деди. Ошол замат коомдук жардамчыларга кабар берип, чакырттым. Киров РИИБдин тергөө тобу келгенче тактоо жүргүзө баштадык. Кылмыш болгон жерге барып, үстүртөдөн кароо жүргүздүк. Өлтүрүлгөн И.Андрейдин (аты өзгөртүлдү) башынын жартысы күйүп калган экен. Откананын ичинде кандын тактары, өлгөн адамдын жулмаланып ары-бери сүйрөлгөнү анык эле көрүнүп турду. Ким өлтүрдү, эмне себептен деген суроолор жаралды. Ошол замат каттоодогу шектүүлөр сурактан өтүштү. Бирок кандайдыр бир себептен баягы алдымдан чыккан 2 балага көңүл буруп, аларды өз-өзүнчө суракка алдык. Алар чындыкка окшошпогон ар кандай көрсөтмөлөрү менен oго бетер шектүү болуп калышты. Акырында Ратбектин бут кийиминен кичинекей кан байкалып, андан кийин шериги экөө кылган кылмышын толугу менен мойнуна алышты. Алар мыйзам чегинде жазага тартылган.

Иликтөөнүн жыйынтыгында маркум И.Андрей ошол күнү маянасын алганы такталды. Ал бир бөтөлкө вино ичкени жатканда Виктор менен Ратбек келип, «вино ичкенге акча бер» деп сурашкан. Ал бербей койгон. Арадан бир аз убакыт өткөндөн кийин ал от жагайын деп көмүрдү көздөй басканда, аны арт жагынан экөө отургуч менен башка урат. Соккудан жерге кулап түшкөндө тепкилеп кыйнашкан. Акыры кыймылсыз жатып калганда сүйрөп барып мешке башын тыгып, өрттөп жиберишкен. Бирок оор кылмыштан улам айласы түгөнүп, коркунучу күчөгөн Виктор үйүнө барганда апасы менен эжесине окуяны айтып берген. Апасы сөөктү бөлөк-салак кылып, Жоон-Дөбө багына алып барып, жашыруун көмүп салуу керектигин айтат. Бул кылмыш дароо аныкталып, алардын мүдөөсү ишке ашпай калган», - деди ал.

Аксакал сөзүнүн аягында элге тынчтык каалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×