Бөлүмдөр
Жума, 22-ноябрь
Чүй облусу, Токмок 17.10.2019 11:18

«Мага ак халатчандар таң калып...»: Жумгалдык Акаев эл аралык марафондо чемпион болду

Turmush -  Чүй облусунун Токмок шаарындагы Сахзавод айылынын 51 жаштагы тургуну Кенжебек Акаев жакында эле борбор калаанын «Аска-Таш» мемориалдык комплексинде эл аралык марафонго катышып, 42 чакырымды 3 саат 20 мүнөттө чуркап өтүп, 1-орунду багындырган.

«Чуркоо “Манас” аба майданына барчу жолдо өткөрүлдү. Жүрөк кемтик оорусуна каршы күрөшүүгө арналган чуркоого 3 миңден ашуун жаран катышкан. Катышуучулар 16 жаштан 29 жашка чейин, 30 жаштан 39 жашка чейин, 40 жаштан 49 жашка чейин, 50 жаштан 59 жашка чейинки жана 60 жаштан жогоркулар деп беш топко бөлүнүп чуркадык. “Чуркаган жүрөктөр” деген ураандын алдында өткөн иш-чарада катышуучулардан алынган 100 сомдук акы жүрөк кемтигинен жабыр тарткан балдарды дарылоо үчүн жумшалат экен. Быйыл төртүнчү жолу өткөн марафонго келгендер 3-10-21 жана 42 чакырымга чуркадык. Мен анда 50 жаштан 59 жашка чейинкилер менен ат салышып, 1-орунду багындырып алдым. Эртеси Токмок шаарынын мэри Данияр Амангелдиев кабыл алып, жетишкен ийгиликтерим менен куттуктады», - деди ал.

Кенжебек Акаев Нарын облусунун Жумгал районунда 1968-жылы төрөлгөн.

«Жумгалдагы мектепти аяктап, кесиптик окуу жайдан айдоочулук адистикти алып чыктым. Өзүм атайын спорт мектептерге же залдарга барып машыккан жокмун. Үйдөн эле өзүмчө машыгам. Эртеӊ менен саат жетиден сегизге чейин бир саат аралыгында ар кандай көнүгүүлөрдү жасап, чуркап турам. Негизи жөө күлүктүк канымда болсо керек. Себеби, атам жакшы чуркачу экен. Өзүм буга чейин Нарын облусунун чуркоо боюнча көп жолку чемпиону болгом. Жарым марафондордо көп чуркадым», - деди ал.

Анын ден соолугун текшерген медицина кызматкерлери таң калып, 35 жаштагы жигиттей экенин белгилешкен.

«Ушундай жарыштардын алдында медициналык көзөмөлдөн өтөбүз. Ошондо мени текшерген медицина кызматкерлери таӊ калып, «сиздин ден соолугуӊуз 35 жаштагыдай экен» дешкен. Ички органдарым баары таза экен. Кан басымым да өз ордунда. Бел кубатым дагы жаш курагымдай, мыкты десем жаӊылышпайм», - деди каарманыбыз.

Ал жайлоого 30 кг жүктү көтөрүп, жөө барып-келген окуясын унутпайт.

«Жайында балдарым жайлоого кетишкен. Мен аларга жолугуп келүү үчүн үйдөн картошка, алма жана башка азык-түлүктү капка салып (30 кг) көтөрүп, 22 чакырым жолду жөө басып өткөм. Ушул окуя эсимден кетпейт», - деди ал.

Каарманыбыз үй-бүлөлүү, 2 уул, 3 кыз, 5 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×