Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-ноябрь
Чүй облусуКемин району 16.10.2019 15:15 На русском

Айыл турмушу: «Тракторлордун ханышасы» атка конгон Айзаданын баяны (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Кемин районунун тургуну Айзада Маманазарова «Тракторлордун ханышасы» каймана аты менен таанымал. Ал экинчи ысымынын келип чыгышы тууралуу аймактык кабарчыга айтып берди.

Айзаданын айтымында, мектепти артыкчылык аттестат менен аяктап, жогорку окуу жайын дагы кызыл диплом менен бүтүргөн. Ал эки кесиптин ээси. Алгач Ленин райондук администрациясында иштеп жүрүп, болочок жолдошу менен таанышкан. Кийин экөө баш кошуп, 3 кыздын ата-энеси болушту.

2012-жылы Кемин районуна келип, өмүрлүк жары менен бизнес башташкан. Алар дыйкан чарбасында 60 гектар жер иштетип, 100 бука алышкан. 2013-жылы жубайлар чыгымга учурап, тагдырдын сыноосуна туш болушкан.

«Апам кесиби боюнча дарыгер, атам күч түзүмдөрүндө иштеп, биз көп кабаттуу үйдө жашадык. Ата-энем, жакындарым мени келечекте кеңседе иштейт деп ойлошчу. Бирок менин табиятым мал чарбачылыкты жана дыйканчылыкты тандады. Жолдошум экөөбүз 2012-жылы ири суммада насыя алып, ишкерчилик кылып баштадык. Бирок 2013-жылы көп суммада карыз болуп калдык. Карыздан кутулуу үчүн болгон мал-мүлкүбүздү сатып, үйүбүздөн дагы ажырадык. Мындай сыноодон кийин жолдошум экөөбүз ажырашып, 3 кызым менен ата-энемдин үйүндө жашап калдым. Бирок тагдырдын сыноосуна сынбай, кайра буттан турууну көздөп, айыл чарба иштерин өздөштүрүүгө, техникалардын түрүн айдоого жол ачылды», - дейт ал.

Айзада ага «Тракторлордун ханышасы» деген атты ысык-көлдүк аксакал койгонун айтат.

«Жолдошум экөөбүз чарбаны иштетип жүргөндө (2012-жылы) Толик деген айдоочубуз бар болчу. Ал жумушка жетишпей жаткандыктан ага жардам берүү үчүн жана убакытты үнөмдөө үчүн трактор айдаганды үйрөндүм. Адамдын башына иш түшсө, колунан бардык иш келет экен. Кийин жолдошум менен эки жолго түшкөндө мага бул иштин чоң пайдасы тийди. Кыздарымды адал эмгек менен багуу үчүн элдин мыскылынан уялып, жашынып трактор айдап акча тапкан күндөр болду. Кийин, 2014-жылдары баары ачыкка чыгып, техника башкарганымды ата-энем түшүнүү менен кабыл алды. Андан соң замандын талабына жараша жаңы техниканы иштетүү, айыл чарба иштерин алып кетүү боюнча кошумча билим алдым. 4 жыл мурун аймактарды кыдырып, жаңы иш баштаган дыйкандарга кеңеш берип жүрүп Ысык-Көлгө баргам. Ал жактан бир аксакал "Тракторлордун ханышасы" деген ат койду. Ошондон кийин көп адамдар мени бул каймана ат аркылуу таанып калды», - деди Айзада.

Ошондой эле алдыга койгон пландары менен бөлүштү.

«Ишкерчилик жаатында чоң сыноодон өттүм. Башка адамдардын дагы мага окшоп чыгым болушун каалабайм. Азыр айыл чарбаны туура өздөштүрүү боюнча алган билимимди, тажрыйбамды жалпы журтка жайылтуу аракетин көрүп жатам. Келечекте чет өлкөдөн инвестор тартып, айыл чарба багытында кичи ишкана, зоводдорду ачып, жумуш орундарын түзсөм дейм. Албетте, чоң ишти жасоо үчүн команда керек. Учурда бизнес жаатында иштеген адамдар менен сүйлөшүп, пландарды ишке ашырууну көздөп жатабыз», - деди А.Маманазарова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×