Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Чүй облусуЖайыл району 15.10.2019 10:03 Жаңыланды: 15.10.2019 18:35 На русском

Суусамырдагы унаа кырсыктан 2 адам мерт болуп, 5 адам ооруканага жеткирилди (сүрөт)

Turmush -  Суусамырда «Хонда Степвагон» жана «Дэу Нексия» үлгүсүндөгү унаалар кагышып, 2 адам мерт кетти. Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык Бишкек–Ош унаа жолунун 155-чакырымында (Париж тилкеси) болгон. Анын кесепетинен 2 эркек адам каза болуп, 5 адам (3 эркек, 2 аял) жабыркаган. Куткаруучулар каза болгон адамдардын денелерин унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жабыркагандар тез жардам кызматы менен Жайыл райондук ооруканасына жеткирилди. Каза болгондордун жана жабыркагандардын аты-жөнү такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×