Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Чүй облусу, Кант 14.10.2019 10:31

Кант шаарында кредиттик ишкананын имаратында өрт чыкты

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Кант шаарында кичи кредиттик ишканага караштуу имаратта өрт чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык Ленин көчөсүндө болгон. Анын кесепетинен кредиттик ишканага караштуу имараттын балконунун 12 чарчы метр жыгач жасалгасы күйүп кетти.

Кемин районунун Орловка шаарында жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 28 чарчы метр чатыры өрттөндү. Учурда бул кырсыктардын себеби такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×