Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-ноябрь
Чүй облусу, КЕмин 11.10.2019 11:21

Кеминдин Кайыӊды айылында 100 орундуу бала бакча курулуп жатат

Turmush -  Чүй облусунун Кемин районундагы Көк-Ойрок айыл өкмөтүнүн Кайыңды айылында жаңы бала бакчанын курулушу башталды. Бул тууралуу аталган райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

«Бул чакан айылда буга чейин муниципалдык бала бакча болгон эмес. Эми курулуш иштери аяктаса, 100 бөбөк бардык шарты бар, жаңы жана жарык жайда тарбияланышмакчы. Ошондой эле, айыл тургундары жумуш орду менен камсыздалышат», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×