Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-ноябрь
Чүй облусуМосква району 10.10.2019 15:24

Москва районундагы лицейде жумушсуз жарандар кесип алышты

Turmush -  Чүй облусунун Москва районундагы №28 Кыргыз-орус лицейинде жумушсуз жарандар кесиптик билим алышат. Бул тууралуу райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Асылбек Баймонкоев аймактык кабарчыга маалымдады.

Анын айтымында, 20 жылдан ашуун убакыттан бери райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы №28 Кыргыз-орус лицейи менен кызматташып келет. Ар жылы жумушсуз жарандарды кыска мөөнөттү курстардан өткөрүп, аларды жумуш орундары менен камсыздайт.

«Бүгүн, 10-октябрь күнү биз лицейдин материалдык-техникалык базасы, кесипке даярдоодогу ишмердүүлүгү менен тааныштык. Учурда 450дөн ашык студенттер түрдүү кесиптер боюнча билим алышат экен. Өзгөчө, тигүүчү, ашпозчу, чачтарач, ширетүүчү, гүл өстүрүүчү, электрик, автомеханик жана башка кесиптерге даярдоонун шарттары, окуу процесстеринин практикалык иштери кызыктырды. Мындан сырткары окуу чарбасы, кичи футболдук аянтча жана башка жайлар эмгектенүү менен ден соолукту чыңдоонун булагы экендигин билдик.

Биздин башкармалык өткөн 2018-жылы 65 жумушсуз жарандарды лицейден окутуп, алган кесиптери боюнча 45 адамды жумуш менен камсыздады. Ал эми үстүбүздөгү 2019-жылы 45 жумушсуз жаранды тандаган кесиби боюнча окуттук. Учурда алардан 20 жаран адистикке ээ болуп, 7 адам жумуш менен камсыз болду. Мындай иштер такай улантылып келүүдө. Албетте, биз аларга белгиленген өлчөмдө стипендия төлөп турабыз. Башкысы, жаштарга кесиптик билим берүү жана жумуш оруну менен камсыздоо. Жумушсуз статусуна ээ болгон жарандар жаш өзгөчөлүгүнө карабастан кесип алууга укуктуу», - деди ал.

Лицей менен таанышууда гүл өстүрүүчү Людмила Кузнецева келген конокторго гүл сунду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×