Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Чүй облусуКемин району 09.10.2019 10:10

Кеминде мугалимдер сыйланды

Turmush -  Кечээ, 8-октябрда Чүй облусунун Кемин районунда Мугалимдерди кесиптик күнүнө карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чарага райондун мектептеринен 250 мугалим, №19 кесиптик лицейинин мугалимдери, жеке менчик мектебинин мугалимдери, айыл өкмөт башчылары, шаар башчылары катышты.

Майрамдык салтанатта мугалимдерге өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ардак грамоталары, ыраазычылык каттары тапшырылды. Мындан тышкары райондун мугалимдерине Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын ардак грамотасы, Билим жана илим министрлигинин ардак грамотасы, төш белгиси, райондук билим берүү бөлүмүнүн ардак грамоталары, билим берүү кызматкерлернин профсоюзунун Кемин райондук комитетинин профсоюзунун грамоталары ыйгарылды. Ошондой эле Кемин райондук мамлекеттик администрациясы 250 билим берүү кызматкерлерине белектерди тапшырды.

Иш-чара концерттик программа менен жыйынтыкталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×