Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 08.10.2019 12:23

Капитан А.Карагалдиев кылмышкер менен чогуу сууга аккан окуясын унутпайт

Turmush -  Алымбек Карагалдиев бала кезинен милиция кызматкери болуп иштөөнү кыялданчу. Ал бул кыялына жетип, бир топ жыл укук коргоо органдарында иштеп, кийин пенсияга чыккан. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Милициянын капитаны А.Карагалдиев «Бишкек жылуулук тармагы» ишканасында күзөтчү болуп иштейт. Ал милиция кызматкери болуп иштеп турган учурда 500 метрге чейин сууда акканын эч унута албайт.

«Бул окуя мурун болду эле. Анда мен Баткен облусунун Лейлек районунда аймактык милиция кызматкери болуп иштеп жүргөн кезим. Ыкчам кызматкерлери менен биргеликте баңгизат сатуу менен алек болгон топту 3 күн, 3 түн аңдып жатып кармаганбыз. Ошондо үч киши кармалып, бирөөсү качып кетти. Анын аркасынан кубалап, экөөбүз тең чоң сууга 500 метрдей актык. Анан суунун кургакка кирип турган бир кичинекей булуңунан чыгып калдык. Экөөбүздүн тең алыбыз жок, эсибиз ооп калган. Тиги киши кача албай кармалган болчу», - деди ал.

Алымбек Карагалдиев 1961-жылы Нарын районунун Эмгек-Талаа айылында төрөлгөн.

«Атам милиция кызматында иштегенине байланыштуу Ош облусунда чоңойгом. Мектепти бүтүп, 1981-жылы Казакстандын Шымкент милиция мектебине тапшыргам. Ал жакты 1984-жылы аяктагам. Ушул жылы Баткен облусунун Лейлек районунда аймактык милиция кызматкери болуп эмгек жолумду баштагам. 1988-жылы ошол эле жерде ок атуучу, сайлуу жана сайсыз куралга уруксат берүү инспектору, андан соң Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында тергөөчү, 1998-жылы Чүй облусунун Ысык-Ата районунда тергөөчү, 2000-жылы ошол эле жерде эксперт-криминалист болуп эмгектендим. 2005-жылы пенсияга кеттим. Кесибим менен сыймыктанам. Анын арты менен бир катар сыйлыктарга татыдым», - деди ал.

Алымбек Карагалдаев бир уул, эки кыздын атасы.

«Уулум менин жолумду жолдоп милиция кызматкери болду. Эки күйөө балам дагы милиция кызматкерлери. Жети неберем бар. Кечинде уктарда гимн ырдап, андан кийин жатышат», - деди ал.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×