Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Чүй облусуЖайыл району 05.10.2019 14:22 На русском

«Түш көрдүм деп...»: Кызыл-Ойдун тургуну Б.Рыспаев 3 күндөн бери дайынсыз

Turmush -  Жайыл районунун Суусамыр айыл аймагына караштуу Кызыл-Ой айылынын 61 жаштагы тургуну Байболот Рыспаев изделүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчыга бир тууган карындашы Гүлбүбү Рыспаева билдирди.

0000

Анын айтымында, агасы 2-октябрда саат 15:00 чамасында Ак-Өргө конушундагы үйдөн чыгып кеткен бойдон кайра келген эмес.

«Акыл-эси ордунда эле. Бирок бир-эки жумадан бери түш көрдүм деп, ар кайсыны сүйлөп калган. Дарыгерге көрсөтөйүн деп жаткам. Арак иччү, бирок көчөгө жатып же бир жакка кетип калчу эмес», - деди ал.

Өзгөчө белгилери: сол колунун бармагында «клён» деген жазуу бар.

Кийген кийимдери: кара түстөгү кепка, жашыл өңдөгү спорттук куртка, кара шым, көлөч.

Көргөн-билгендер 0704 13 96 31, 0777 05 89 29 номурларына чала алышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×