Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 05.10.2019 13:30

Ысык-Атада бир катар мугалимдер сыйланды

Turmush -  Мугалимдер күнүнө карата Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясы жана райондук билим берүү бөлүмү салтанаттуу иш-чара уюштурду.

Иш-чарага өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Светлана Волкова, райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары катышып, ардактуу кесиптин ээлерин куттуктап, жакшы каалоо-тилектерин жолдошту.

Кесиптик майрамда билим берүү тармагында эмгектенген кызматкерлер Билим берүү жана илим министрлигинин, облустук, райондук сыйлыктар жана наамдар менен сыйланышты. Ошондой эле райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюздук комитети эмгек сиңирген мугалимдерге баалуу сыйлыгын тапшырды. Майрам концерттик программа менен коштолду.

Ысык-Ата районунда учурда 1751 адам билим берүү тармагында эмгектенет. Анын 7 адамы Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген мугалими, 266 адам «Билим берүүнүн мыктысы» наамынын ээси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×