Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 04.10.2019 17:23

Ысык-Атанын Красная-Речка айылындагы тургундар айылдаштарына обон созушту

Turmush -  Ысык-Ата районунун Красная-Речка айылында мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына карата жарыяланган бир айлык «Ыр-кесе» иш-чарасы менен жыйынтыкталды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Былтыркы жылы райондун жогорку аймагындагы айыл өкмөттөр ортоңку аймакка «Ыр-кесени» узатышкан. Быйылкы иш-чара мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына туш келгендигине байланыштуу өзгөчө белгиленди.

«Ыр-кесеге» райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилери, айыл өкмөттөрүнүн жооптуу катчылары жана чыгармачыл инсандар катышты. Эл арасынан чыккан таланттар ырдап, бийлеп, дастан айтып, күү чертишти. Башка улуттун өкүлдөрү дагы кыргыз тилинде обон созуп, элет калкы талантка бай экендигин дагы бир ирет далилдеди. Район бийлиги иш-чарада өзгөчөлөнгөн таланттарга белек тапшырып, куттуктоосун жолдошту.

«Ыр кесенин» кийинки кезеги райондун төмөнкү аймагына узатылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×