Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Чүй облусуСокулук району 04.10.2019 16:51

Ысык-Атада «Түшүм-2019» кубогун алган футболчулар 40 000 сом менен сыйланды

Turmush -  Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясы демөөрчүлөрдүн колдоосу менен «Түшүм-2019» аталышындагы футболдук турнирин уюштурду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Турнирге 24 команда катышып, жыйынтыгында 1-орунга Сын-Таш айыл аймагынын курама командасы ээ болуп, «Түшүм-2019» кубогу жана 40 000 сом акчалай сыйлык менен сыйланышты. 2-орунду ээлеген Ивановка айыл аймагынын футболчулары 30 000 сом, 3-орунду алган Узун-Кыр айыл аймагынын курама командасынын оюнчулары 20 000 сом, 4-орунду ээлеген Нурманбет айылынын оюнчулары 10 000 сом акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×