Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Чүй облусуКемин району 04.10.2019 20:37

Кичи-Кеминде Карылар күнү белгиленди

Turmush -  Бүгүн, 4-октябрда Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Кичи-Кемин айылында Карылардын эл аралык күнүнө арналган иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чарага Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары Жаныбек Орозалиев, Кичи-Кемин айыл өкмөтүнүн башчысы Каныбек Иманалиев катышып, улуу муун өкүлдөрүн майрамы менен куттукташты. Иш-чарада карыларга сый тамак уюштурулуп, ал Кичи-Кемин жана Боролдой айыл өкмөттөрүнүн маданият кызматкерлеринин ортосундагы «Ыр-Кесе» сынагы менен улантылды.

Кемин районунда «Улгайган курактагы адамдарга көңүл буруу жана камкордук» бир айлыгы (15-сентябрдан 15-октябрга чейин) өткөрүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×