Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Чүй облусуСокулук району 04.10.2019 11:54 На русском

Автобуска сүйрөлүп каза болгон окуучу жерге берилди. Сүрөт

Turmush -  Бүгүн, 4-октябрда Сокулук районунун Новопавловка айыл аймагынын ГЭС-2 жаңы конушунда автобуска сүйрөлүп, дөңгөлөктүн алдында калган окуучу жерге берилди, деп билдирди аймактык кабарчы.

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 3-октябрда саат 15:30 чамасында автобустун айдоочусу — 1985-жылы туулган С.Н. Маевка—Күн-Туу маршруту менен бара жатып, Достук айылында жүргүнчүлөрдү түшүрүп баштаган. Акыркы болуп 2008-жылы туулган окуучу бала автобустан түшкөн. Ал түшүп жатканда кийими автобустун эшигине илинип калып, айдоочу байкабай унааны айдап кеткен. Анын кесепетинен окуучу дөңгөлөктүн алдында калган. Окуучу бала алган жаракатынан улам өзүнө келбей Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунда каза болду.

Учурда бул иш сотко чейинки өндүрүшкө алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. №18 автобустун айдоочусу кармалып, унаа айып короого киргизилди.

Аталган окуучу бала үй-бүлөдө беш бир туугандын ортончусу болгон. Күбөлөрдүн айтымында, кырсык ГЭС-2 жаңы конушунун аймагында болгон. Окуучу бала автобустан түшүп бара жатканда капюшонунун жиби эшикке кыпчылып калып, ал автобус жүргөндө 20-30 метрге чейин сүйрөлгөн.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына №18 автобустун айдоочулары, Бишкек шаарынын вице-мэри Азизбек Алымкулов жана аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев катышты.

«Бул окуя боюнча биз чогулуш өткөрдүк. Негизи бул аймак Бишкек шаарына карабайт. Бирок элге жардам берип, автобустарды жүргүзүп жатканбыз. Мындан ары да жүргүзө беребиз. Айдоочубуз бир линиянын бригадири, тажрыйбасы чоң болчу. Эми бул кырсык экен. Күнөөлүү мыйзамдын негизинде өз жазасын алат.

Коомдук транспортторду айдоодо эрежелер так сакталып келген. Жол эрежелерин, техника коопсуздугун сактоо боюнча ар бир мастер, ар бир айдоочуну текшертебиз. Калаа башчынын буйругу менен автобус менен троллейбустун 60 пайызына видеокөзөмөл орнотулду. Эми калган 40 пайызына коюу үчүн иштер жүрүп жатат», - деди Азизбек Алымкулов.

Балбак Түлөбаев: «Биздин автобазанын, мэриянын кызматкерлери маркумдун жакындарына өз көңүлүнөн чыккан акчалай жардамды беришти. Эми бул кырсык. Бул жерде ким күнөөлүү болсо алар мыйзам чегинде өз жазасын алат», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×