Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Чүй облусуЖайыл району 04.10.2019 08:45

Жайылда карыларга концерт тартууланды

Turmush -  Жайыл районунда Карылар күнү белгиленди, деп билдирди аймактык кабарчы.

1-октябрда уюштурулган сыйлуу тамакка Жайыл районундагы айыл аймактардан жана Кара-Балта шаарынан карылар чакырылып, жалпы 132 пенсионер келишти. Аларды шаар жана район бийлигинин өкүлдөрү, райондогу согуштун жана эмгектин ардагерлер кеңешинин төрагасы Аппан Абдыкеев куттуктап, ден соолук каалады. А.Абдыкеевдин айтымында, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин саны боюнча Жайыл району республикада алдыда турат. Жакында эле ардагер Павел Нестеров 2020-жылы 9-майда Улуу Жеңиштин урматына өтө турган иш-чарага Россиянын президенти Владимир Путинден чакыруу алган.

Ошондой эле, карыларга райондук маданият бөлүмү тарабынан уюштурулган чакан программдагы концерт тартууланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×