Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Чүй облусуАламүдүн району 03.10.2019 10:49 На русском

Сүрөт — Чүйдөгү эң бай айыл өкмөттүн «крутой» имараты

Turmush -  Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Лебединовка айыл өкмөтүнүн имараты союз мезгилинде аткана болгон. Бир жыл мурун толугу менен бузулуп, кайра курулган айыл өкмөттүн имараты Кыргызстандагы эң «крутой» имарат катары сыпатталып жатат.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, мындай заманбап имарат башка айыл өкмөттөрдө жок. Ал эми аталган айыл өкмөттүн башчысы Алкан Солтонов жаӊы имараттын курулушуна жергиликтүү бюджеттен 24 млн 287 миӊ сом сарпталганын билдирди.

«1953-жылы бул жерде ат кармалчу экен. Андан кийин саман, ылай менен оӊдоп-түзөшүп, колхоздун канторуна айланыптыр. 2012-жылы мен келген убакта муну айыл өкмөттүн балансына алганбыз. 2018-жылы июнда имаратты толугу менен бузуп, 2019-жылдын 1-апрелине чейин жаңы имаратты курдук. Жаӊы имарат 1030 чарчы метр аянтка курулуп, 24 млн 287 миӊ сом кетти», - деди ал.

Алкан Солтоновдун айтымында, аталган айыл өкмөт бюджети боюнча Чүй облусунда алдыңкы сапта турат.

«Бул имаратты тургузганга чейин элди суу менен камсыздап, жолдорду асфальттадык. Тазалык ишканасында иштеген жумушчуларга кызматтык батирлер курулуп берилди. 12 батирдин ар бири 60 чарчы метрден турат. Ушундай көйгөйлөрдү чечип, андан соӊ имаратты курдук. Эми Лебединовка айылында 2 кабаттуу бала бакча куруп жатабыз.

Лебединовкага 7 айыл карап, расмий түрдө 26 500 киши катталган. Бирок 45 000 киши жашайт. Биздин айылдар борбор шаарга жакын болгондуктан элдин көбү ишканаларда жана шаарда эмгектенишет», - деди ал.

Бюджет учурда 100 млн сомго көтөрүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×