Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Чүй облусуСокулук району 03.10.2019 11:22

«Апаңды өлтүрүп салдым»: Уктап жаткан аялын балталаган киши

Turmush -  Сокулук районунун Биринчи май айылында 43 жаштагы аялдын жансыз денеси табылган. Анын өлүмүнө шектелип күйөөсү кармалганын Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Түзүмдүн маалыматы боюнча, РИИБге 30-сентябрда саат 09:00 чамасында адам өлүмү тууралуу билдирүү келип түшкөн. Окуя болгон жерге барган ыкчам тергөө тобу турак үйлөрдүн биринен 43 жаштагы Б.М.нын зомбулук менен өлтүрүлгөн денесин табышкан.

«Бул факт Жазык кодексиндеги 130-берене (адам өлтүрүү) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Ыкчам тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган кылмышка шектелип маркумдун күйөөсү — 51 жаштагы И.Б. кармалды», - деп айтылат маалыматта.

Болжолдуу маалымат боюнча, 30-сентябрда эртең менен шектүү аялы уктап жатканда аны балта менен чапкылаган. Ал 8 жаштагы уулун кошунасына таштап, аялын өлтүргөнүн жана кайтып келбей турганын айтып, өзү качып кеткен.

Шектүү кармалып, Бишкектеги №1 убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп жатат.

Ал эми айыл тургундарынын айтымында, ал буга чейин аялына кол көтөргөн эмес жана спирт ичимдиктеринен алыс болчу.

«Бул киши бир тууган инисине 10 миӊ сом акча берип, уулун кошунасына таштап кетиптир. Бул үй-бүлөнүн 3 эркек баласы бар. Аялы шаарда даараткана тазалап иштечү. Улуу баласы 9-классты аяктагандан кийин Москва шаарына кеткен. Андан кийинки улуу Бишкек шаарында эмгектенет. 8-класстагы уулун учурда таежеси багып жатат. Маркумдун кыркына чейин ошол жерде болот. Ал киши улуу баласын "апаңды өлтүрүп салдым, кел" деп чакырыптыр. Негизи ал такыр арак ишчү эмес. Аялына да кол тийгизчү эмес. Бирок акыл-эс жактан ооруп жүрчү», - деди айыл тургундары.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×