Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 02.10.2019 22:02

Айыл турмушу: 71 жаштагы Т.Артамонованын кол эмгектери (сүрөт)

Turmush -  Кара-Балта шаарынын 71 жаштагы тургуну түстүү кагаздан ар кандай буюмдарды жасайт.

Татьяна Артамонова мындан эки жыл мурун түстүү кагаздан жасалган буюмдарга кызыгып, эми бош убактысынын көбүн ушул өнөргө арнап жатат. Өзүнүн айтымында, бул иш зеригүү, ал тургай оору менен күрөшүүгө жардам берүүдө.

Түстүү кагаздан фигураларды жасоону «Улыбка» аттуу пенсионерлердин клубундагы чебер Галина Александровна Давыдовадан үйрөнгөн.

Татьяна Артамонова 1948-жылы туулган. Медайым кесиби боюнча билим алып, көп жыл кабелдик заводдо, бала бакчада, андан кийин Кайыңды шаарынын мэриясында иштеген.

«Кандай гана фигура болбосун бир барак кагаздан эмес, көп кагаздан жасалат. Алгач кагаздар үч бурчтук түрүндө жасалат. Аны бир буюмга жеткидей кылып жасоого 2 күн кетет. Бардыгы даяр болгондон кийин үч бурчтук кагаздарды бири-бирине карматып чыгабыз. Ушундай кадамда жасоо бекем конструкцияны пайда кылат. Пенсионерлердин убактысы абдан көп. Бул абдан кызыктуу иш. Аны менен алектенип жатканда ооруңду унутуп каласың», - деди ал.

Анын үйүндө кагаздан жасалган вазалардын коллекциясы бар. Мисалы, кара жана ак өңдөгү ак куу, ар кандай жаныбарлардын, гүлдөрдүн формасында жана Улуу Жеңишке арналып жасалган вазаларды көрүүгө болот. Учурда ал чычкан жылына карата чычкандарды жасап жатат.

«Кагаздан жасалган буюмдарды кооздук үчүн колдонуп, бирөөгө белекке берсе дагы болот. Буга чейин торопойлорду жасап, ушул жылы тааныштарыма белекке бергем. Менин үйүмө келген конокторумдун айрымдары гана белексиз кетпесе, көбү колго жасалган белектер менен кетишет. Көбүнчө конокторго көпкө карап калган буюмдарды белекке берем. Балдар жаныбарларды, канаттууларды, ал эми чоңдор себет менен вазаларды жактырышат. Өзүм ачык түстөгү кагаздар менен иштегенди жакшы көрөм. Башында бир буюмду жасоого айлап убакыт кетсе, эми бир нече күн сарпталат», - деди ал.

Мындан тышкары гезиттин барактарынан нан салгыч, себет да жасайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×