Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Чүй облусуСокулук району 01.10.2019 09:21

«Бирөө эмес, экөө удаа кетти»: Ата-эненин муң-кайгысы

Turmush -  Сокулук районунун Военно-Антоновка айылында кошунасынын дааратканасына түшүп кетип каза болгон бир туугандардын жакындарына материалдык жардамдар көрсөтүлөт. Бул тууралуу Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

«Моралдык жактан ата-энесинин абалы оор болуп жатат. Аларга райондук мамлекеттик администрациядан жана жергиликтүү айыл өкмөттөн материалдык жардамдар көрсөтүлөт. Мугалимдер жамааты менен жолугуп, соцпедагогдорго үй-бүлөнүн эки баласы менен тыгыз иштөөнү сунуш кылдык. Айыл өкмөт башчысы, жергиликтүү кеӊештин төрагасы, депутаттар бул үй-бүлөнүн ал-абалын сурап, барып жатышат», - деп билдиришти аталган түзүмдөн.

Ал эми айыл тургундары буларга токтолушту.

«Атасынын, апасынын абалын көрүп, жанына тура албай жаттык. "Бирөө эмес, экөө удаа кетти" деп ыйлап жатышат. 9-класстагы улуу баласы депрессиядан улам сүйлөбөй жатыптыр. Андан кийин 5-класстагы уулу жана 2-3 жаштардагы кичүү кызы бар.

Ал эми даараткананын ээсин көрө элекпиз. Үйүнө келе элек», - деди алар.

Учурда бир туугандардын өлүмү боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат. Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 28-сентябрь күнү болжол менен саат 17:44 чамасында Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө Военно-Антоновка айылындагы үйлөрдүн биринен 2 жаш бала каза болгону жөнүндө маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге барган ыкчам тергөө тобу турак үйдөгү дааратканага түшүп кеткен 7 жана 13 жаштагы балдардын жансыз денесин табышкан.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү бардык соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.

Turmush басылмасы 29-сентябрда Военно-Антоновка айылында бир тууган балдар кошунасынын дааратканасына түшүп кетип каза болушканын жазган.

«Жаман окуя болду. 1-класстын окуучусу ойноп жүрүп кошунасынын 8 метр тереӊдиктеги дааратканасына түшүп кеткен. Аны куткарууга барган 7-класстагы агасы да дааратканага түшүп кетти. Ошол маалда үйдө чоӊ киши жок экен. Жашоочулар чыгара алышпай, Сокулук райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучуларын чакырышты. Куткаруучулар алгач улуусун алып чыгышты. Тилекке каршы ал каза болуп калыптыр. 1-класстагы инисин көпкө издешти.

1981-жылы туулган атасы курулуш тармагында эмгектенсе, апасы базарда иштечү. Күндүз экөө теӊ жумушта болушат. Кошунасы шалаакылык кылып, дааратканасын толук жасап койбоптур. Ошончо тереӊ даараткананын айланасын тосуп коюшу керек болчу», - дешкен жашоочулар.

Маркум балдардын атасы — И.А.У., 1981-жылы туулган,

Маркум балдардын апасы — К.Г.А., 1983-жылы туулган;

Балдар каза болгон үйдүн ээси — Р.Н.К., 1985-жылы туулган.

Толук маалымат бул шилтемеде.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×