Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 06.10.2019 12:06 На русском

Ич кийимине асынган шектүүнүн өлүмү жана 25 жылдан кийин милицияга өзү келген кылмышкердин окуясы

Turmush -  Өмүр бою милиция кызматында иштеп ардактуу эс алууга чыккан кара-балталык Жетибаевич Ашымаалы Сыдыков менен аймактык кабарчы таанышты.

Ашымаалы Сыдыков 1939-жылы төрөлгөн. Анын айтымында, ал комсомолдук жолдомо аркылуу милиция кесибин тандап калган.

«10-классты аяктаган соӊ Сокулук районундагы №9 кесиптик училищада окуп калдым. Аны аяктагандан кийин эле аскерге кабыл алындым. 1962-жылы аскердик милдетимди өтөп келген соӊ, райондук комсомол комитетинен чакыртып калышты. Барсам милиция кызматын сунушташты. Көп ойлонбостон макул болдум.

Алгач 3 айлык даярдоо курсунан, андан соӊ Алматадагы милициянын окуусунан билим алып келдим. Ошентип 1968-жылы эӊ алгачкы эмгек жолум Жайыл районунда аймактык тескөөчү кызматынан башталды. Ошол эле маалда Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетине сырттан окуу бөлүмүнө документтеримди тапшырып койдум. Аны 1975-жылы аяктадым. 1969-жылы Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн кылмыш иликтөө бөлүмүнө которулдум. Ошентип өмүрдүн көбүн милиция кызматына арнап жүрүп, 1988-жылы ардактуу эс алууга чыктым. Бирок эс алууга чыккан соӊ үйдө отуруп калбастан, билимимди, тажрыйбамды бөлүшүү үчүн медучилищада тарых сабагынан студенттерге билим бердим.

Талыкпаган эмгегимдин арты менен бир нече жолу ардак баракчалар менен сыйланып, Октябрь революциясынын медалы, «Милициянын эӊ мыкты кызматкери» деген төш белгисин алдым. Кылмыш иликтөө бөлүмүнө которулган учурда бир жылда 85 пайыз кылмыштын бетин ачып, ошол кездеги министрдин жарлыгы менен кол саат менен сыйландым. Ошол эле маалда биздин райондун кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жетекчиси Назарбай Нурматовдун колунан "Кызыл Туу" ордени менен сыйланды. Ал эми жанагы саат азыр да иштеп жатат», - деди ал.

Ашымаалы Жетибаевич жумуш учурундагы окуяларды дагы айтып берди.

Нарын облусунда М.З. аттуу жаран киши өлтүрүүгө шектелип, качып жүрдү. Аны Суусамырдагы туннелде жүрөт деп угуп, тик учак менен да издеп, кармай албай жүрдүк. Андан кийин Токтогул тарапка качып, ал жактан жергиликтүү эки милиция кызматкерин атып, бири өлүп, экинчиси жарадар болгон.

Букара айылында бир тургун райкомдун кызматкери болуп иштечү. Арактан бузулуп, сугатчы болуп иштеп калган. Ошол киши бирөө менен суу талаша кетип, кетмен менен урушкан адамды жыга чаап өлтүрүп койгон. Мас абалында милицияга келген. Бирок анын мас абалында экенин көргөн Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары: "Сен мас экенсиӊ, жогол" деп кууп чыгыптыр. Ал ошондо кетип калып, соолукканда Казакстанга качып кетиптир. Ошол эки кылмышкерди 2 жыл издеп жүрдүм.

Казактандын Кара-Тоо, Жанат-Таш деген жерлерин кыдырдым. Бир жылдан өткөн соӊ эки милиция кызматкерин атып кеткен кишини казак милициясы Белек-Күл деген көлдүн жээгинен кармашып, Кыргызстандын милициясына өткөрүп беришкен. Шектүү: "Эмне кылсаңар да жооп бербейм, мени өлтүрүп салгыла" деди. Бирок милиция кызматкеринин андай укугу жок да. Аны камоо менен кылмыш жообуна тартыш керек. Ошентип шектүүнү камадык. Түн ичинде ич кийимин чечип, айрып, жип кылып жасаптыр. Андан кийин ошол кийимге асынып алыптыр. Ал эми тигил букаралык киши дайынын таптырбай кетип, 25 жылдан кийин өзү келип колго түшүп берген. Ал прокуратурада сурак берип жүрүп, бирок убактысы өтүп кеткени үчүн камалган эмес.

Букара, Панфилов, Калинин райондорунан бир кылмыштуу топ чыкты. Алар уюшуп алып жалаӊ мал уурдашчу. Элдин көбү малдарын уурдатып, аябай азап болгон. Ошондо ушул кылмыштуу топ менен катуу күрөштүк. Алар 11 кишиден туруп, жетекчиси Ташмат деген жаш жигит болчу. Биз аларды колго түшүрүп, унаага салып келе жатканыбызда жол кырсыгына кабылганбыз. Ошондон улам, тактап айтканда менин ден соолугума байланыштуу Токтогул районундагы Кара-Көл шаарына күзөт кызматына которушкан. Кийин пенсияга 4 ай калганда Жайыл районуна келгем», - деди ал.

Ашымаалы Сыдыков 1965-жылы үйлөнүп, 4 балалуу болгон.

«Эӊ улуу балам Москва шаарына аскерге барып, ошол жерден прапорщиктин окуусун кошо окуп келди. Андан кийинки кызым кесиптик техникумду бүтүп, дагы бир уулум менин жолумду жолдоп милиция кызматкери болду. Экөөбүз бир көчө жакын турабыз. Кичүү уулум дин кызматкери.

Азыркы милиция кызматкерлеринин кызматы биздин убактагыдан да оор экени көрүнүп турат. Мен аларга таза, чынчыл, эр жүрөк болгула деп айтар элем.

Жазуучулук өнөрүм да бар. 4 китебим чыкты. Пенсияга чыккандан кийин Кара-Балта шаарындагы медколледжде тарыхтан сабак берип жүрдүм», - деди милициянын ардагери Ашымаалы ата.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×