Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Чүй облусуАламүдүн району 29.09.2019 17:12

Аламүдүндө 150 орундуу мектептин курулушу башталды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Кечээ, 28-сентябрь күнү Аламүдүн районунун Байтик айыл өкмөтүнө караштуу Байкелди айылында жаӊы курулуп жаткан мектептин пайдубалына капсула салынды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чарага өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Алтынбек Намазалиев, Жогорку Кеңештин депутаттары Иса Өмүркулов, Төрөбай Зулпукаров жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, айыл тургундары катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө айыл аксакалдарынын бири, отставкадагы полковник Султан Жоошбаев депутат Төрөбай Зулпукаров Байкелди айылынын күйөө баласы экендигин билдирди.

Курулуп жаткан мектеп 150 орундуу. Анын курулушу демөөрчүлөр тарабынан каржыланууда. Мектеп курулуп бүткөндөн кийин окуучулар 9-класска чейин билим ала алышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×