Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Чүй облусуЖайыл району 29.09.2019 14:47 На русском

Сүрөт: Бейшен кадимки грек жаңгактарынан 3 эсе чоң жаңгактарды өстүрөт

Turmush -  Жайыл районунун Сары-Булак айылынын тургуну Нурлан уулу Бейшен кадимки грек жаңгактарынан 3 эсе чоң жаңгактарды өстүрөт. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Кадимки грек жаңгактарынын орточо салмагы 6 граммдан 15 граммга (1 даанасы) чейин барат. Ал эми Бейшен Нурлан уулу өстүргөн грек жаңгактарынын салмагы 20 граммдан жогору (1 даанасы).

«10 жыл мурун үй-бүлөбүз менен Жалал-Абад облусунан Чүй облусуна көчүп келгенбиз. Мен өзүбүз менен бирге грек жаңгагынын көчөттөрүн ала келип, отургузгам. Көчөттөр тамыр алып кетти. Учурда жаңгактардын жаңы сортун алууну кыялданып жатам», - деди Нурлан уулу Бейшен.

Нурлан уулу Бейшен өстүргөн жаңгактын салмагы

Белгилүү орус ботаниги И.В.Мичурин грек жаңгагын «келечектеги нан» деп атаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×