Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Чүй облусуАламүдүн району 28.09.2019 16:50 На русском

Аламүдүндө 70 орундуу бала бакча пайдаланууга берилди (сүрөт)

Turmush -  Аламүдүн районунда 70 орундуу бала бакчанын салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Байтик айыл өкмөтүнүн Арчалы айылындагы 70 орундуу бала бакча бүгүн, 28-сентябрдан тарта пайдаланууга берилди. Анын ачылыш аземине өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Алтынбек Намазалиев, Жогорку Кеңештин депутаттары Иса Өмүркулов жана Төрөбай Зулпукаров, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, айыл тургундары катышкан.

Байтик айыл өкмөтүнүн башчысы Асылбек Абдразаковдун айтымында, бала бакчанын курулушуна демөөрчүлөр тарабынан 1 млн сомдон ашык каражат берилсе, айыл өкмөттүн бюджетинен 1 млн сом бөлүнгөн.

Бала бакчанын ачылыш аземинен кийин Байкелди айылында курулуп баштаган мектептин пайдубалына капсула салынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×