Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Чүй облусуПанфилов району 28.09.2019 11:32 На русском

Кыргыз-казак чек арасынын аймагында укук коргоо органдарынын кызматкерлери сабалып, ок атылдыбы?

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Панфилов районунун Чалдовар айылында укук коргоо органдарынын кызматкерлери, чек арачылар жана жергиликтүү тургундардын катышуусунда жаңжал чыкты. Бул тууралуу өздүк булактар билдирди.

Маалыматка караганда, окуя кечээ, 27-сентябрь күнү кыргыз-казак чек арасындагы «Чалдовар-унаа жолу» көзөмөл-өткөрүү пунктунун жанында болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, укук коргоо органдарынын кызматкерлери чек арачыларды пара алып жаткан жеринен колго түшүрүү боюнча атайын операция жүргүзүп жатышкан. Бирок операцияга жергиликтүү тургундар кийлигишип, алар чек арачыларды коргоп, укук коргоо органдарынын кызматкерлерин сабап салышкан. Жаңжал учурунда 3-4 жолу ок атылды. Окуяга күбө болгондордун айтымында, чек арачылар асманга ок чыгарышкан.

Такталбаган маалыматтарга караганда, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин арасында денесинен жаракат алгандар бар. Аларды медицина кызматкерлери алып кетишкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×