Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-ноябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 28.09.2019 09:44

Кара-Балтада жөө адамды поезд сүзүп кетти

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Кара-Балта шаарында жөө адамды поезд сүзүп кетти, деп билдирди аймактык кабарчы.

Алдын ала маалыматтарга караганда, окуя кечээ, 27-сентябрда саат 20:30 чамасында темир жолдун Пограничная көчөсүндөгү жөө жүргүнчүлөр өтө турчу бөлүгүндө болгон. Кырсыктан кийин поезд токтоп, жабырлануучу эркек киши экени аныкталды. Болжол менен жабырлануучу оор жаракат алган.

Окуянын чоо-жайы такталып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×