Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Чүй облусуПанфилов району 27.09.2019 16:51

Панфиловдук окуучулар айдоочуларды жол эрежелерин сактоого чакырды

Turmush -  Бүгүн, 27-сентябрда Чүй облусунун Панфилов районундагы Вознесеновка орто мектебинде «Абайла, айдоочу» аттуу акция өткөрүлдү. Ага Панфилов РИИБдин ЖКККБнын, өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери жана мектептин жол эрежелерин сактоо боюнча жаш инспекторлору катышты. Бул тууралуу мектеп директорунун тарбия иштери боюнча орун басары Жылдыз Жаилова аймактык кабарчыга маалымдады.

Анын айтымында, учурда мектепте 1026 окуучу орус жана кыргыз тилдеринде билим алышат. Айрым окуучулар Кара-Дөбө, Калдык, Эфиронос жана Алексеевка айылдарынан келишет.

«Учурда жер-жерлерде "Көңүл бургула, балдар" аттуу иш-чара өткөрүлүүдө. Ошондон улам атайын белгиленген пландын негизинде "Абайла, айдоочу" аттуу акция өткөрдүк. Жаш инспекторлор айдоочуларга: "Урматтуу айдоочу, биздин мектеп Бишкек—Чалдовар жолунун боюнда жайгашкандыгына байланыштуу сиздерди жол эрежелерин так сактоого чакырабыз. Абайлаңыз айдоочу, сиздин дагы биз сыяктуу балдарыңыз бар. Сизге ак жол!" деп кайрылышты. Айдоочулар жаш инспекторлордун айткан сөздөрүнө ыраазы болуп, сапар улашты. Ал эми айрым айдоочулар көңүл кош мамиле жасашты. Биз мындай иш-аракеттерди мындан ары ЖКККБ менен биргеликте улантабыз», - деди ал.

Анын сөзүн ЖКККБнын кызматкери, милициянын капитаны Мажит Алиев улап: «Мындай иш-чараны биргеликте өткөрүп туруубуз шарт. Эң башкысы, жол коопсуздугун сактоого кандайдыр бир деңгээлде өбөлгө болот. Окуучулар айдоочуларга кайрылуу менен өздөрү да жол эрежелерин сактоону өздөштүрүшөт», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×