Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 27.09.2019 13:02

Ысык-Атада жеңил унаа сүзгөн аялды «Спринтер» тебелеп кетти. Сүрөт

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Дмитриевка айылында жөө жүргүнчү аялды жеңил унаа сүзүп, андан кийин жүк ташуучу унаа тебелеп кетти. Аталган аял алган жаракатынан улам ошол жерден жан берген. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл тургундары билдирди.

Окуя 26-сентябрь күнү кечинде болжол менен саат 21:00 чамасында болгонун Чүй облустук ЖКККБдан тастыкташты.

Маалым болгондой, Бишкек—Нарын—Торугарт автоунаа жолунун 26-чакырымында — Дмитриевка айылында жол кырсыгы катталган. 1995-жылы төрөлгөн айдоочу өзүнүн «ВАЗ-2107» үлгүсүндөгү унаасы менен батыштан чыгышка карай бара жаткан. Ошол маалда жолду кесип өтүп бара жаткан жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. 1980-жылы төрөлгөн аялды ошол учурда аталган унаанын артынан бараткан «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа тебелеген. Аял окуя болгон жерден көз жумду.

Учурда унаалар айып пул төлөөчү жайга токтотулуп, сотко чейинки өндүрүштүк иш тергелип жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×