Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 27.09.2019 11:37

Ысык-Атада турак үйдүн чатыры жана сарай өрттөнүп кетти (сүрөт)

Turmush -  Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылында №12 турак үйдүн чатыры жана мал сарай күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Үйдүн 410 чарчы метр жыгач устуну жана чатыры күйгөн. Ошондой эле жанындагы мал сарай жана жыйылып турган 1000 түк чөп толугу менен өрттөндү.

Ал эми айыл тургундары: «Турак үй 30 жаштагы М.Г. аттуу жаранга таандык. Сарайда мал-жандык болгон эмес. Кудай сактап, эч ким жабыркаган жок», - дешти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×