Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 21.10.2019 22:37 Жаңыланды: 05.11.2019 22:37

Эгиздер: Наргиза менен Нургизанын тиштери бир убакта түшөт (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районунун тургуну Кенжегүл Солпуева 15 жаштагы Наргиза жана Нургиза аттуу эгиз кыздары тууралуу айтып берди. Анын айтымында, эгиз кыздарынын мүнөзү эки башка.

«Эгиз экенин алты айында билдим. Наргиза 1 кг 800 гр, Нургиза 2 кг 400 гр салмакта төрөлдү. Мүнөздөрү эки бөлөк. Нургиза түнт болсо, Наргиза ачык-айрым. Экөөнү кичинекей кезинде айырмалай албай калчумун. Ошондуктан экөөнө эки бөлөк түстөгү шуру тагып койчумун.

Бир күнү курбум келип, мени тааныйт болду бекен деп экөөнүн шурусун алмаштырып коюптур. Мен алардын шурусуна карап аттарын айтсам аябай күлгөн. Азыр Наргизанын бетинде мең көп болгондуктан айырмаланып турат. Экөө бири-бирин издеп турат. Бири ооруса, экинчиси дагы ооруйт.

Бир күнү Наргизанын тиши түшүп: "Апа, тишим түшүп калды" деп көрсөтүп кеткен. Бир мүнөткө жетпей Нургиза да келип, тиши түшүп калганын айтты. Экөөнүн тиштери дагы бир убакта түшөт. Бири сабакка барбаса, экинчиси дагы барбай коёт. Бири тамак ичпесе, экинчиси да ичпейт», - дейт эгиздердин апасы.

Кенжегүл Солпуева төрт баланын апасы, эгиздер ортончусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×