Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Чүй облусуКемин району 26.09.2019 17:30

Кеминдеги ички жолдор 2,1 млн сомго оңдолуп жатат

Turmush -  Кемин районундагы айылдардын жолдоруна шагыл төгүп, тегиздөө иштери башталды. Бул тууралуу райондук мамадминистрациясынан билдиришти.

Маалым болгондой, Ак-Түз жана Ильич айылдарынын төрт көчөсүнүн жолу оңдолуп, Жаңы-Жол айылынан Жол-Булак айылына баруучу жол жана Жол-Булак айылынын ички көчөлөрү оңдолууда. Чаңдаган жерлерге атайын техника менен суу да чачылууда. Бул ишке 6 жүк ташуучу автоунаа, 1 шагыл жүктөгүч, 1 тегиздөөчү, 1 суу чачуучу техника тартылган.

Жол оңдоого жалпысынан 2 млн 150 миң сом каражат жумшалды. Аны райондогу кен фабрикасын иштеткен компания каржылаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×