Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Чүй облусуАламүдүн району 26.09.2019 13:22

Таӊ эрте аял менен окуучу кыз электриктер казган аңга түшүп кетишти

Turmush -  Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айылындагы Мичурин менен Садовая көчөлөрүнүн кесилишиндеги электр тармактар ишканасы казып койгон аӊга аял киши менен окуучу кыз түшүп кетти. Бул тууралуу айыл тургундары билдиришти.

Окуя 23-сентябрь күнү эртең менен саат 7:40 чамасында болгон.

«Аӊдын ичи ылай экен. Түшүп кеткен аялды бир эркек киши чыгарып алды. Ылай болуп калыптыр. Андан кийин эле бир окуучу кыз түшүп кетти. Аны да ошол киши куткарып чыкты. Аң андан мурунку күнү казылган. Түнү дагы адамдар түшүп кетиши мүмкүн. Бул эмне деген шалаакылык? Кудай сактап аңга түшкөндөр оор жаракат алган жок.

Бул чоӊ көчө. Муну менен бала бакчага, мектепке балдар каттайт», - дешти тургундар.

Ал эми Лебединовка айыл өкмөтүнөн казылган аӊ кечээ күнү толугу менен жабылганын билдиришти.

«Аламүдүн райондук электр тармактар ишканасы жер алдынан өткөн электр чубалгыларын оңдошкон. Биз муну көзөмөлгө алып, кечээ жабылды», - деп билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×