Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Чүй облусу, Токмок 25.09.2019 13:08

Токмокто санариптик жол чырак орнотулду

Turmush -  Чүй облусунун Токмок шаарындагы Ибраимов менен Дубовицкий көчөлөрүнүн кесилишине алгачкы жолу санариптик жол чырак орнотулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

«Аталган көчөлөрдүн кесилишинде дайыма унаа тыгыны болуп турат. Көпчүлүк айдоочулар бул жерден катуу ылдамдык менен өтүп кетүүгө аракет кылышат. Анын айынан 2017-жылы эки жолу жол кырсыгы катталган. Бул жолдон алыс эмес жерде 2000 окуучусу бар мектеп дагы бар. Эми минтип 597 миӊ сомго санариптик жол чырак орнотулду», - деп билдиришти аталган түзүмдөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×