Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Чүй облусуЖайыл району 25.09.2019 12:21

Жайылдын Сосновка айылында жаңы спорт зал курулуп жатат

Turmush -  Жайыл районунун Сосновка айылында жаңы спорт зал курулуп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, спорт зал футбол, волейбол, баскетбол ойноого ылайыкташкан. Анда жылытуу системасы орнотулуп, жуунучу жана кийим чечүүчү жай салынууда.

Айылдагы жалгыз мектепте 1400 окуучу билим алат, бирок имарат 900 окуучуга ылайыкташкан. Балдар эки нөөмөт менен окушат. Мындан улам бир нече жыл мурун жаңы мектептин курулушу башталган. Жаңы мектепте спорт зал жок болгондуктан башталгыч класстардын окуучулары бул спорт залга келип турушат.

Спорт залдын курулушу ушул жылдын жаз мезгилинде башталган жана ноябрь айында жыйынтыкталат.

Күндүзү спорт залга мектеп окуучулары келишсе, кечкисин айылдын жаштары келип машыгышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×