Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Чүй облусуМосква району 25.09.2019 12:01 На русском

10 жаштагы тубаса майып Амантурдун ата-энесине уйку бербеген кабар

Turmush -  10 жаштагы тубаса майып Амантурдун апасы Асель Алыпсатарова Чүй облусунун Москва районундагы Чоң-Арык айылынын 44 жаштагы тургуну. Сол тизеси тескери төрөлгөн уулунун тагдыры, талашка түшкөн турак жайынын көйгөйлөрү оор түйшүк жаратып, күн санап турмуш түйүндөрү татаалданып барат. Анын майып арабадагы уулун көтөрүп, үйсүз калуу коркунучунан жаралган жашоосу менен аймактык кабарчы таанышты.

Анын айтымында, тубаса майып уулунун баарын түшүнүп туруп сүйлөбөгөнү, улам жашы жетилгенине сүйүнгөнү менен туюк сезимдеги ички арманы артып турганы өкүндүрөт.

«Кадимки эле тоолук кыздай Суусамыр өрөөнүнүн Биринчи май айылында, кичи мекенимде жетилдим. Ат минип, уй саап, кой кайтарып, курут эзип, кымыз ичип дегендей... Анан турмушка чыктым. Чүйдүн келинимин. Учурда Москва районунун Чоң-Арык айылында жашайбыз. Жолдошум Таалайбек райондук суу чарбасында эмгектенет. 2 кыз, 1 уулдун ата-энесибиз.

Уулум тубаса майып. Сол тизеси тескери болуп төрөлгөн. Ошондон баспай келет. Өз алдынча отура да албайт. Таңдан кечке майып арабада күн кечирет. Сүйлөбөйт. Колдорун жаңсоо менен бир нерселерди түшүндүрөт. Кадимкидей сын алгыдан спорт оюндарын кызыгуу менен көрөт. Уулумду көтөрүп нечен ооруканага алып бардык. Бишкек шаарына барганда ортопед-дарыгер операция жасабай эле сол тизесин бурап туруп, гипске салып койгон. Ошондо "Кудай буюрса уулубуз эми басат. Эл аралайт. Катарлаша басып жүрөбүз" деп сүйүнгөнбүз. Дарыгерге ийилип таазим кылдык эле. Алар балдардын церебралдык шал оорусу деген диагнозун коюшкан. Биздин медициналык билимибиз болбогон соң, дарыгердин сөзүнө ишенебиз да. Тилегибиз орундалбады. Уулумдун сол бутун бурап гипстеген дарыгерди кийин таппай калдык. Башка жакка которулуп кеткен экен. Арадан айлар, жылдар өттү. Ар түрдүү дарыгерлерге көргөзүп, кеңештерин алып келебиз. Негедир өзгөрүү эч болгон жок. Тескерисинче оору кээде күчөп барат.

Баары кудайдын буйругу менен экен. Баспаса, сүйлөбөсө да ден соолугу чың болуп, майып арабада маңдайыбызда отурганына шүгүр дейбиз. Айрым учурда күлүп, бир нерселерди көргөзө кол жаңсап калганда денеме батпай кубана түшөм. Бетинен өөп, берерге эч нерсе таппай сүйүнөм. Ошол учур мен үчүн эч нерсеге салыштыргыс бакыт. Атасы жумуштан келгенде майып арабасын түртүп ойнотот. Аны менен эс алат. Үнсүз сүйлөшөт. Уулум баарын түшүнүп, көздөрүн бакырайтып жыргап калат. Эгер ал капа болсо, биз үчүн оор. Баарыбыз күнөөлүдөй жер карап, акырын бири-бирибизге көз кырыбызды салабыз. Күлгөнүн жүзүнөн сезген замат оор жүктөн бошонгондой болобуз. Ошентип, бири-бирибизди аяп жашап келебиз. Мындай тынч жашообузга кайдан-жайдан бир көйгөй илешти, бүгүнкү күнгө чейин отко-сотко чуркатат. Биз оорулуу балабызды аман-эсен чоңойтуп, ден соолугун чыңдоого бүткүл аракетибизди жумшап жатсак, гектарлаган жери, менчик соода борборлору бар, чиренген чиновниктин мураскорлору үй жайыбызды талашып, жаш балдарым, өзгөчө майып уулум Амантур менен көчөгө чыгарганга мыйзамсыз аракеттерин көрүп жатканына кейип келем», - деди Асел Алыпсатарова.

Андан ары сөзүн улап, буларга токтолду: «Жолдошум Таалайбек Рысалиев 2008-жылдан бери райондук суу чарба башкармалыгында катардагы жумушчу болуп иштеп келет. Бул суу башкармалыгында кайын атам кезегинде 40 жылдан ашуун иштеп, ошондон улам ушул үйдө 1975-жылдан бери жашап келишкен. Алар бул турак жайды бизге калтырышып, өздөрү башка үйгө көчүп кетишкен. Жашообуз өз нугунда эле өтүп жаткан. Үстүбүздөгү 2019-жылдын жаз айларынан бери бул мекеменин мурдагы жетекчиси, маркумдун балдары "бул үйдөн чыккыла. Атабыз иштеп турганда менчиктештирип алган. Демек, бизге тиешелүү" дешип, түрдүү дооматтарды коё баштады. Бул сөздөрдү эл оозунан мурда да кулагым чалганы бар. Бирок, көп деле маани берген эмес экенмин. Бул маселе боюнча биз Ак-Суу айыл өкмөтүнө жана жергиликтүү кеңештин депуттаттарына кайрылдык. Алар "мындай жер талаш маселе мыйзам чегинде гана чечилет. Ошондуктан өз укугуңузду коргоңуңуз келсе сотко кайрылгыла" дешти. Биз тийиштүү органдарга кайрылганбыз. Ал эми маркумдун балдары бизди сотко бериптир. Жакында сот да болду. Анда адвокат жалдайбыз деген сунушубузду угуп, сот процессин кийинки мөөнөткө жылдырды. Эгерде сот алардын пайдасына чечсе, биз кайда барабыз. Үй талашкан тарапты үй эмес, анын тегерегиндеги бактар кызыктырат. Бул жерди бизден алып, эски бактарды алып таштап, жаңы көчөттөрдү отургузуп, бакчага айлантат экен. Ал эми биз жашаган үйгө багбанчыны коёт имиш».

Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Асылбек Нурбеков: «Туура. Ал аймакта көп үйлөр 2009-жылы менчиктештирилген экен. Биз Рысалиевдердин үй-бүлөсүнө баары мыйзамдын чегинде гана боло турганын айтканбыз. Ошол себептен алар соттошуп жүрүшөт. Кандай чечим чыкса, мыйзам негизинде иш-аракеттер жүргүзүлөт», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×