Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Чүй облусуЖайыл району 24.09.2019 18:24

Улуттук көчмөндөр оюндары: Көк бөрүчү Кубаныч «Мыкты оюнчу» наамына ээ болду

Turmush -  Талас облусунда өткөн Улуттук көчмөндөр оюндарында көк бөрү боюнча мелдеште Чүйдүн командасы биринчи орунду багындырды. Ошондой эле Султан уулу Кубаныч «Мыкты оюнчу» наамына ээ болду.

«Айылда өсүп чоӊойгондуктан атка жакын болдук. Бала кезден эле айылда, райондо өткөн мелдештерди көрүп, оюнга кызыкчумун. Биздин өрөөндөн аты чыккан көк бөрүчүлөр Муханбет Койчукеев, Айбек Солтобаев жана башкалардын таасири чоң болду. Чоң оюндарга 18-19 жаштарымда аралаштым. Райондук мелдештерден баштап облустук, республикалык, эл аралык мелдештердин көбүнөн калбай катышып, жакшы ийгиликтердин баарына илинип келе жатабыз», - деди Султан уулу Кубаныч.

Ал Таластагы оюн тууралуу буларга токтолду.

«Быйыл өзүӊөр билгендей Чүйдүн курама командасы Таласта өткөн Улуттук көчмөндөр оюндарында 1-орунду алды. Ал оюн катуу атаандаштыкта өттү. Ар бир команда күчтүү болду. Мелдеш чынында оор жана кызыктуу өттү. Бизге Таластын командасы менен жана финалдагы «Достук» командасы менен болгон оюндар кызыктуу болду. Мага болсо «Мыкты оюнчу» наамын ыйгарышты.

Чүйдөн чыккан бул команда күчтүү команда. Оюнга утабыз деп барганбыз. Чүйдөгү командалардын мыкты оюнчулары бириккенбиз. Бизде ынтымак болгону үчүн утуп кеттик деп ойлоп жатам», - деди ал.

Көк бөрүчү Суусамыр өрөөнүндө 1992-жылы 28-октябрда төрөлгөн.

«Мени көбү Кубантай дешет. Чоӊ атам мени ушинтип эркелетип жүрүп, ошол бойдон Кубантай болуп калдым. Атам — Султан, апам — Эркайым, беш бир туугандын улуусумун. Учурда бойдокмун. Бош убакта мал чарбачылык менен алектенем жана мергенчиликке чыгам. Келечекте асыл тукум жылкыларды өстүргүм келет.

Көк бөрүгө алгач катышканда Байтору деген тулпар менен чыккам. Андан кийин Каспий, Байтур, Красс, Атаман аттуу тулпарларды миндим», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×