Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Чүй облусуКемин району 24.09.2019 17:19

Улуттук көчмөндөр оюндары: Кеминдин ашпозчулары 1-орунду алышты

Turmush -  Кемин районунун делегациясы 16-21-сентябрь күндөрү Талас облусунда өткөн Улуттук көчмөндөр оюндарына активдүү катышып, «Көчмөндөр колдонгон тамак-аштар» сынагынан 1-орунду алышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Райондо ага чейин даярдоо жана өткөрүү боюнча иш-чаралар планы кабыл алынып, тиешелүү органдар тарабынан аткарылып баштаган. Кемин районуна Чүй облусунун атынан «Көчмөндөр колдонгон тамак-аштар» сынагына катышуу тапшырылган.

«Көчмөндөр колдонгон тамак-аштар» сынагына Кеминден Алтын Жанышбаева жардамчылары менен катышып, 1-орунду ээледи. Сынакка гүлазыктын түрлөрү, эт азыктары, сүт азыктары, дан азыктары, деги эле көчмөн кыргыз калкына тийиштүү бир топ азыктар даярдалып көрсөтүлдү. Жөн гана көргөзмө болуп коюлбастан даярдоо ыкмалары да көрсөтүлүп, тарыхы айтылып, калыстар тобунун купулуна толду. Мындан тышкары Кемин районунан барган делегация Сары-Өзөн—Чүй ордосунда өткөн бардык иш-чараларга активдүү катышты. Райондон барган маданият кызматкерлери да өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Улуттук көчмөндөр оюндарынын алкагында «Көчмөндөр кайрыктары» аталышындагы маданий иш-чаралар «Манас Ордо» ордосунда өткөрүлгөн болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×