Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Чүй облусуПанфилов району 24.09.2019 15:27

Панфиловдо окуучулар арасында күрөш боюнча турнир өтүп жатат

Turmush -  Чүй облусунун Панфилов районундагы Тельман айылында окуучулар арасында күрөш боюнча турнир өтүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

2002-2009-жылдары төрөлгөн окуучулар арасындагы турнирге өлкөнүн бардык аймактарынан жаш спортчулар келишет. Мелдештин уюштуруучуларынын бири, Эр эӊиш федерациясынын президенти Нурлан Азыгалиевдин айтымында, Таджикстан менен Өзбекстандан бери келе турган каалоочулар бар.

«Бул турнирди уюштурууга көмөк кылган өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Намазалиевге, Панфилов райондук өспүрүмдөр спорт мектебинин директору Талант Самарбеков, Тельман, Эркин-Сай, Кумарык, Букара айылынын тургундарына абдан ыраазыбыз. Алар жаш спортчуларыбызды жатакана жана тамак-аш менен камсыздап беришти. Бул ар бир кыргызстандык спортко өз салымын кошкусу келеринен кабар берет. Ушундай маанай жана жалпы колдоо менен спортту өнүктүрөбүз», - деди ал.

Турнир 21-сентябрдан 28-сентябрга чейин уланат. Жеӊүүчүлөр медаль, ардак баракча жана баалуу белектер менен сыйланышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×