Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Чүй облусуМосква району 24.09.2019 10:59

Москва районунда 15 адам «Данакер» төш белгиси менен сыйланды

Turmush -  Чүй облусунун Москва районунда мамлекеттик тилдин 30 жылдыгы белгиленди. Ага райадминистрациянын, райондук билим берүү бөлүмүнүн, маданият бөлүмүнүн, соцтүзүмдүн кызматкерлери, айыл аксакалдары жана мектеп окуучулары катышты. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Наргиза Умарова аймактык кабарчыга маалымдады.

Анын айтымында, көп улуттан турган жергиликтүү калк 30 жылдык майрамды чоң даярдыктар менен өткөрүштү.

«Кылымдарды карыткан, эч ким аны өчүрө албас тарыхтан. Кыргыз тилибиздин тамыры терең. Бул тил менен айкөл Манас, ааламдын алп жазуучусу Чыңгыз Айтматов сүйлөгөн. Алардын урпактары кыргыз тилин барктоого, даңктоого милдеттүүбүз. 2014-2020-жылдары мамлекеттик кыргыз тилин өнүктүрүү программасын жетекчиликке алуу менен райондо көптөгөн иш-аракеттер жүргүзүлдү. Бир эле мисал райондун борборундагы эс алуу паркында кыргыз тилинде өтө маанилүү көрнөктөр жазылып илингенин, бала бакчадан баштап кыргыз тилин окутууга шарттар түзүлгөнүн, иш кагаздарынын мамлекеттик тилде интернет булактары аркылуу жүргүзүлгөнүн, тилди өнүктүрүүгө арналган семинар, атайын окуулар жана конференциялар өтүлүп келе жатканын айта кетүүбүз зарыл. Мындай иш-аракеттер 2019-жыл — Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында турмушка ашырылып жатат», - деди салтанатты ачып жатып раймадминистрациянын социалдык өнүгүү секторунун башчысы Аида Кененсариева.

Анын сөзүн улай райондук билим бөрүү бөлүмүнүн башчысы Насиридин Тезекбаев окуу-тарбия процессинде мамлекеттик тилге өзгөчө көңүл бурулуп жатканына токтолду.

Салтанат концерттик программа менен коштолуп, улуттук кийимдер көргөзүлдү. Ошондой эле 15 адам «Данакер» төш белгиси менен сыйланды. Өзгөчөлөнгөн окуу-тарбия мекемелеринин кызматкерлерине, окуучуларга райондук билим берүү бөлүмүнүн ардак грамотасы тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×