Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Чүй облусуПанфилов району 24.09.2019 10:31

Панфиловдо «Тил тагдыры — эл тагдыры» иш-чарасы өттү

Turmush -  Чүй облусунун Панфилов районундагы Фрунзе айыл өкмөтүнүн Чалдовар айылында мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына карата «Тил тагдыры — эл тагдыры» аттуу иш-чара уюштурулду. Ага райадминистрациянын, райондук билим берүү бөлүмүнүн, маданият бөлүмүнүн, айыл өкмөттөрүнүн, соцтүзүмдөрдүн кызматкерлери, жергиликтүү тургундар, мугалимдер жана окуучулар катышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга райондук билим берүү бөлүмүнүн окуу-усулдук бөлүмүнүн башчысы Нарынкүл Өзүбекова билдирди.

Мамлекеттик тилдин 30 жылдык мааракесинде райондун акими Мелис Райымкулов, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Бактияр Ашыкеев тургундарды майрамы менен куттукташты.

«Алар тилдин тарыхы — элдин тарыхы менен тыгыз байланышта экенине токтолушту. 2020-жылы Мамлекеттик тил күнүн райондук билим берүү бөлүмү өткөрүп бере турганы да белгиленди. Бул иш-чарада тилдин тарыхы аркылуу элибиздин баскан жолу чагылдырылып, көркөм окуулар айтылып, кылым карыткан кыргыз күүлөрү чертилди. Анда К.Жумагулов атындагы орто мектебинин окуучулары кыргыз тилин даңазалоодо айырмаланды. Ал эми элдик каада-салт, үрп-адаттарды сахналаштырып көрсөтүүдө Ибраималиев атындагы орто мектептин окуучулары балага ысым коюу салтын эң мыкты сахналаштырышкан. Мындан сырткары иш кагаздардын расмий түрдө туура жазылышы боюнча жүргүзүлгөн иш-аракеттер да белгиленди.

Керемет күүлөрдү тартуулоодо С.Молдокулов атындагы орто мектептин таланттары элдин купулуна толду. Бул күнкү салтанатта макал-лакаптар, акыйнек айтылып, дил баяндар жазылып, ыр бий, флешмоб жана башка тартууланды. Майрамда элдик буюмдар көрсөтүлүп, аларды колдонуу эрежелери, кайсы мезгилге таандык экендиги да айтылды. Шайыр апалар тобу, маданият кызматкерлери, жергиликтүү таланттар жана окуучулар концерт беришти. Эң мыкты аткаруучуларга райондук маданият бөлүмү тарабынан ардак грамоталар тапшырылды», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×