Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Чүй облусуАламүдүн району 23.09.2019 15:22

Аламүдүндө мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө салым кошкон диаспоралар сыйланды

Turmush -  Чүй облусунун Аламүдүн районунда Мамлекеттик тил күнү белгиленди, деп билдирди аймактык кабарчы.

Мамлекеттик тил күнүнө карата уюштурулган иш-чарага өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Элкинбек Ашырбеков, Аламүдүн райондук мамлекеттик администрация башчысы Марс Саккараев, акимдин орун басары Айбек Кулубаев, мекеме жетекчилери, айыл аймактын башчылары, мектеп директорлору жана мугалимдер катышты. Аталган иш-чаранын жүрүшүндө райондогу диаспоралардын көргөзмөсү уюштурулду. Айрым диаспоралар мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымдары үчүн райондук мамлекеттик администрациянын ыраазычылык катына ээ болушту.

Тил майрамына карата уюштурулган иш-чара «Улут болсом, тилим менен улутмун» деген аталыштагы концерттик программа менен коштолду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×